Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуз төртүнчү-сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/14
Авлетим айыл өкмөтүнүн карамагындагы жана жайыт комитетинин ыкчам тескөөсүндөгү LOVOL FL 953 жүктөгүч техникасынын жана МТЗ-82-1 маркасындагы тракторунун иштетүүдөн түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша сметаларын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» масел ел ери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 28-январындагы корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим жайыт комитетинин ыкчам тескөөсүндөгү LOVOL FL 953 жүктөгүч техникасынын жана МТЗ-82-1 маркасындагы тракторунун иштетүүдөн түшкөн акча каражаттардын 2020-жыл үчүн кириш жана чыгыш сметалары бекитилсин.
2. Бекитилген сметалардын аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитеинин торагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына(Тургуналиев К.О.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |