Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуз төртүнчү сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/15
Авлетим жайыт комитетине кароолчу кызматына жаны штат ачуу жөнүндө.
Авлетим айылдык кеңешинин «Айыл чарбасы жана Экология» маселелери боюнча туруктуу комиссисынын билдирүүсүн угуп жана копчүлүк элдердин сунушун эске алый Авлетим жайыт жерлериндеги токойлорду сактоо үчүн
1. Авлетим жайыт комитетине кошумча кароолчу штаты ачылсын
2. Кароолчунун эмгек акысы айына 5000(беш миң) сомдон убактылуу техникадан түшкон акча каражатынын эсебинене берилип турсун.
3. Күзүндө жайыт жерлердеги жаңгактардан, отундан түшкөн каражаттын эсебинен эмгек акы үчүн берилип турган акча каражаты кайтарылып жайыт комитетинин кассасына төгүлсүн.
4. Жайыт жерлердеги жаңгактарды эсептеп чыгып планга өткөрүп берүү үчүн комиссия түзүлсүн
5. Комиссиянын курамы Зкишиден түзүлсүн жана аньш курамына.
Абдиев Аман - торага
Атенов Жусупбек - мүчө
Асаналиев Эрмек- мүчө
Тургуналиев Кенжебек- мүчө
Атабеков Каныбек- мүчө болуп бекитилсин.
6. Келишимдерди иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу Авлетим жайыт комитетинин торагасы Ж Атеновго милдеттендирилсин
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча tуруктуу комисссиясына(А Төлөбаевге) жүктөлсүн
Төрага | А.Шырдаков |