Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому
2020-жылдын 21-февралы № 35/5
«Кочого жана ал көчөнүн нугундагы көпүрогө ат берүү жөнүндө»
Авлетим айылдык кенешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 20-февралындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айылынын Токол-Эчки участкасына өткөн жолдун ( Мусаев Амандын үйүнөн Райымкулов Нурландын үйүнө чейинки аралыктагы бөлүгүнө жана бул жолдун нугундагы Итагар дарыясына салынган көпүрөгө маркум Сарыбаев Мырзабектин ысымы ыйгарылсын.
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №160 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25- пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |