Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому
2020-жылдын 21-февралы № 35/6
«Итагар айлындагы ФАПка ат коюужөнүндө»
Авлетим айылдык кецешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 20-февралындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айыл аймагына караштуу Итагар айылындагы ФАПка маркум Бабаназарова Жумайым Тасмаевнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кезөмелдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |