Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому
2020-жылдын 21-февралы № 35/7
«Авлетим айыл аймагынын «Авлетим коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмесинин Уставын бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык кеңешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 20-февралындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айыл аймагынын «Авлетим коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмесинин Уставы («Авлетим КААБ» КБ) бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө_«Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |