Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому
2020-жылдын 21-февралы № 35/8
«Ардактуу жаран» наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 20.02.2020-жылдагы корутундусунун негизинде жана Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын:
1.1 Абдырахманов Бектур Абдиназаровичке - врач;
1.2 Сарыбаев Маданбек Мырзабековичке - жеке ишкер;
2. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |