Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35-сессиясынын токтому
2020-жылдын 21-февралы № 35/10
«Авлетим айыл аймагынын Дейрес айылындагы «Нузүп Бий атындагы №40 Дейрес жалпы орто билим берүүчү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө»
Авлетим айылдык кеңешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Нүзүп Бий атындагы №40 Дейрес орто мектебинин аталышын өзгөртүү тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн 2020-жылдын февралындагы № 01-16/130 сандуу катын, мектеп директорунун 2020-жылдын 17- февралындагы №17 сандуу кайрылуусун жана Авлетим айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын февралындагы №80 сандуу сунуш катын талкуулаган 2020-жылдын февралындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат
1. Авлетим айылдык аймагынын Дейрес айылындагы Нүзүп Бий атындагы №40 Дейрес орто мектебинин аталышы өзгөртүлүп, «№40 Нүзүп Бий атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеп» деп өзгөртүлсүн.
2. №40 Нүзүп Бий атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин Уставына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилсин жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомго ылайык тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |