Редакцияот 18.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышын кезексиз XXI сессиясыннын

 

2020-жылдын 18-марты № 21/1

Коронавирустун алдын алуу жөнүндө

Кара-Жыгач айылдык кенешинин төрагасы- Ш.Мазакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 21-сессиясы

токтом кылат:

1. Коронавирус Covid-19 жугуштуу оорусун алдын алуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча Кара-Жыгач айыл аймагында штаб түзүлүп, иш чаралар уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде калкка түшүндүрүү ишин жүргүзүү жана көзөмөлдөө үчүн атайын топтор түзүлсүн.

3. Түзүлгөн топтор жүргүзгөн иштери боюнча штабка күн сайын маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.

 4. Кара-Жыгач айыл аймагында майрамдардын, мааракелердин түрүнө карабастан коомдук, эс алуучу, тамактануучу жайларда, үйлөрдө  көпчүлүк менен өткөрүүгө тыюу салынсын.

5. Спорт оюндары,спорт залдагы машыгуулар, окуучулардын мектепке келүүсү мечиттердин иштөөсү , жума намаздын окутулушу 2020-жылдын 8-апрелине чейин  токтотулсун.

6. Коомдук жайларда бет кап тагынуу, кол жуучу умывальник, самын, салфеткалар менен камсыздоо, өздүк гигиенаны сактоо менчиктин түрүнө карабастан менчик ээлерине милдеттендирилсин. 

7. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

8. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 

билим берүү,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо  боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

10. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

Төрага

Ш. Мазакеев