Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-марты № 21/2
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын узундугу 5 км Дардак-Дөбө-Сыны-Кара-Ой автомобиль жолун, муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которууга макулдук берүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү калктын кайрылуусун эске алып, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 21сессиясы
токтом кылат:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын узундугу 5 км Дардак-Дөбө-Сыны-Кара-Ой автомобиль жолу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын узундугу 5 км Дардак-Дөбө-Сыны-Кара-Ой автомобиль жолу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине жөнөтүү жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековко мидеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |