Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын
2020-жылдын 24-марты № 22/1
Жарандык коргонуу комиссиясынын учурдагы абалга карата жүргүзүүчү иштери жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кенешиин төрагасы- Ш.Мазакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 22-сессиясы токтом кылат:
1. Коронавирус Covid-19 жугуштуу оорусун алдын алуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча Кара-Жыгач айыл аймагындагы түзүлгөн штаб, түзүлгөн иш чаралардын негизинде учурдагы жумуштарды так жана тыкан аткарсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде мекеме, уюмдардан атайын топтор түзүлүп калкка түшүндүрүү жана көзөмөлдөө иштерине көмөк көрсөтүп, ар бир үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Түзүлгөн топтор жүргүзгөн иштери боюнча штабка күн сайын маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Кара-Жыгач айыл аймагындагы базар убактылуу баардык түрлөрү боюнча ишмердүүлүгүн токтотсун.
5. Айылдарга ,көчөлөргө кирген машиналар көзөмөлгө алынсын.
6. Сырттан келген атуулдар каттоого алынып, көзөмөлгө коюлсун.
7. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
8. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин билим берүү ,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
10. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |