Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын
2020-жылдын 24-марты № 22/2
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата өзгөчө кырдаалга бөлүнгөн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы – Т.Момунбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 22-сессиясы
токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен өзгөчө кырдаалга бөлүнгөн 110 мин акча каражатынан коронавирус Covid-19 жугуштуу оорусун алдын алуу жана көзөмөл жүргүзүү иштерине жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин
финиансы экономика жана бюджет комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |