Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын
2020-жылдын 21-апрели № 23/1
Кара-Жыгач айыл аймагында коронавирус жугуштуу ооруусунун алдын алуу боюнча соода-сатыкты жөнгө салуу жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы- Т.Момунбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 23-сессиясы
токтом кылат:
1.Дары, азык-түлүк товарларын сатуу өздүк гигиенаны сактап, маска, кол кап, залалсыздандыруучу каражаттар менен камсыз болгон дүкөндөргө уюштурулсун. Талапты аткарбаган магазиндер жабылсын.
2. Кара-Жыгач айыл аймагында дары, азык-түлүктөн башка товарлардын сатылуусуна тыюу салынсын.
3. Айыл өкмөтүндө жергиликтүү ишкерлерге дары,азык-түлүк,күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн.каттамынын багыты жана ишкердигинин түрү боюнча тактамаларды берүү уюштурулсун.
4.Азык-түлүктун баалары көзөмөлгө алынсын.
5. Кара-Жыгач айыл аймагында дарыканалардан башка соода түйүндөрүнө кечки саат 20-00 дөн эртен мененки 8-00гө чейинки аралыкта иштөөсүнө тыюу салынсын.
6.Көчөлөрдө машиналар менен сатууга тыюу салынсын.
7.Жарандарга түшүндүрүү иштери уюштурулсун.
8. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
9. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин
билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
10. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |