Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын
2020-жылдын 21-апрели № 23/2
Кара-Жыгач айыл аймагында коронавирус (COVID-19) жугуштуу ооруусунун алдын алуу иш чаралары жөнүндө.
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы- Т.Момунбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 23-сессиясы
токтом кылат:
1.Чет өлкөдөдөн,башка шаарлардан жана айылдардан келген жарандарды каттоого алууну №7 –үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу мнен биргеликте жүргүзүлсүн.
2. Аз камсыз болгон жана багар-көрөрү жок үй-бүлолөргө,тоголок жетимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлсүн.
3. Коронавирус (COVID-19) ооруусунун жайылуусунун алдын алуу иш чараларын жүргүзүүдө райондун аймагындагы мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме –ишканалардын күч жана каражатарын зарыл болгон учурда жумушка тартуу менен иш аракеттер жүргүзүлсүн.
4. Кара-Жыгач айыл аймагында мекеме-ишканаларга менчигинин түрүнө карабастан бардык объектилерге жана кочолорго залалсыздандыруу иштеринин графиги тузулуп кучотулгон тартипте жургузулсун.
5.Жарандарга түшүндүрүү иштери уюштурулсун.
6. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
7. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин
билим берүү ,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
9. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |