Редакцияот 07.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

 

2020-жылдын 7-июлу № 24/2

Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурстук комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, (реквизиттер) менен бекитилген (айылдык кенештин (аталышы)) жөнүндө уставына, (реквизиттер) менен бекитилген (экинчи айыл өкмөтүнүн аталышы) жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 24-сессиясы

токтом кылат:

1.Айыл өкмөтүнүн бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин конкурсту өткөрүү боюнча биргелешкен комиссиясы түзүлсүн.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика, финансы жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо,этика боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Ташыбековго жүктөлсүн

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

Төрага

Ш. Мазакеев