КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2020-жылдын 7-июлу № 24/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.03.2020-жылдагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 05.02.2020-жылдагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кенештин бюджет,экономика,финансы жана мыйзамдуулук, укук тарибин сактоо,этика боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кеңештин жооптуу катчынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика, финансы жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, этика боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Ташыбековго жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин
бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланаган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |