Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2020-жылдын 7-июлу № 24/4
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн киреше салыктарынын түрлөрү боюнча 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө.
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн киреше салыктарынын түрлөрү боюнча 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы З. Байгондуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 24-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн киреше салыктарынын түрлөрү боюнча 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме __ баракта)
2. Кабыл алынган болжолдуу планды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго жана ФЭБ бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Ташыбековго жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |