Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2020-жылдын 7-июлу № 24/5
Келишимди бекитүү жөнүндө.
Кара-Жыгач айылдык кенешинин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуукомисиясынын отурумунун корутундусун жана айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнундөгү келишимин бекитип берүү сунушун карап, Кара-Жыгач айылдык кенешинин 10-чакырылышынын 24-сессиясы токтом кылат:
1. Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча салык кызматкерлери тарабынан түзүлгөн келишиим бекитилсин.
2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Ташыбековго жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин
бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш. Мазакеев |