Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIII cессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 1
Тосту, Чеч-Төбө айылдарынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу, турак жай, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э Шатмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
Токтом кылат.
1.Тосту, Чеч-Төбө айылдарында жашоочу 105 кожолукка Таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн ылайык келген жерден суу башатын куруу учун 1,0 га, суу кампасын куруу учүн 0,02га бардыгы 1,02 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин .
2. Жогоруда аталган жер аянттарын мыйзам чегинде ажыратып беруу жагын айыл өкмөтүнө милдеттентирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдукө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы , жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун
4.Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын
Төрага | Ө. Мамадалиев |