Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII cессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 2
Чарбак айылынын тургундарынан түшкөн кайрылуунун кароо жөнүндө
Чарбак айылындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жер аянтын иштетип турган ижарачы Исманалиев Бегимкул өзүнө убактылуу бөлүнүп берилген жерден башка да кошумча жерди иштетип жургөн деген кайрылуу түшкөндүктөн аны териштирүү максатында төмөндөгүдөй комиссия тузүлсүн
1 1.Шатманов Э - айылдык кеңештин айыл чарбасы ,жер, турак жай жана өзгөчө кырдалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
2. Мамытов К – айыл өкмөтүнүн жер, турак жай боюнча башкы адиси
3. Мырзакматов А – Чарбак айылынын айыл башчысы
2 Тузүлгөн комиссия мүчөлөрүнө жеринде барып тактоо жүргүзүү учурунда ашыкча жер пайдаланып жүргөндүгү аныкталса ,ар бир жыл үчүн жер салыгын жана ижара акысын мыйзам чегинде өндүрүү жагы айыл өкмөтүнө жуктолсүн
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4 Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын
Төрага | Ө. Мамадалиев |