Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII cессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 3
“Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат
1.Ормонов Өмүрзак Жолчубаевич айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүсүнө бир топ жылдардан бери зор салымын кошуп келе жаткандыгы эске алынып. “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтунө жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Бул токтом айыл өкмөтунун расмий сайтына жарыялансын.
Төрага |
Ө. Мамадалиев |