Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII cессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 4
Атуулдардан келип түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Каралган маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңештин айыл чарбасы,жер,турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Шатмановдун билдирүүсү боюнча жогоруда аталган айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумунун кабыл алган чечимине ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын Кур-Таш участкасынын тургуну Досалиев Тажимамат өз ыктыяры менен турак жайга алынган жер аянтынан 0,04 га жер аянтын жергиликтүү жамааттын кайрылууларынын негизинде мечит куруу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышындагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жуктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы,жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом айыл өкмөтунүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Ө. Мамадалиев |