Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII cессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 5
“Алтын Казык Балы” айыл чарба товардык-сервистик кооперативинин жетекчиси Г.Нарманбетованын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук ,укук тартиби жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек чыгып суйлөп “Алтын Казык Балы” айыл чарба товардык-сервистик коммерциялык кооперативи “Карпатка”асыл тукум бал аарыларын атайын Украинадан алып келип ,айыл аймагынын Кара-Төбө айылынын Беш-Башат жайытын пайдалануу менен өнүктүрүүгө макулдук беруу боюнча токтом кабыл алып берүүнү суралгандыгын билдирип кетти. Жогоруда аталган кооперативдин жетекчиси жана анын мүчөлөрү негизинен Кашка-Суу айыл аймагынын тургундары жана пайдалануучу жери атуул Орозов Искандербекке таандык болгондуктан, анында макулдугун эсепке алып уруксат берсе боло тургандыгын айылдык кеңештин депутаты Уметов Бакыт да кошумчалап кетти. Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат .
1.Айыл аймагынын Кара-Төбө айылынын Беш-Башат жайытындагы атуул Орозов Искандербекке таандык 0,54га жерди пайдалануу менен “Карпатка” асыл тукум бал аарыларын өнүкүрүү учүн “Алтын Казык Балы”айыл чарба товардык-сервистик коммерциялык кооперативине буфердик аймак болуп ,тиешелуу аймагы чектелип, бекитилип берилсин .
2. Токтомдун аткарылышын козомолдукко алуу жана айылдык кеңештин жер, турак- жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Ө. Мамадалиев |