Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV cессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 1/1
«Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы У. Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга карата аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,өздүк киреше бекитилген киреше 4306,1 (Төрт миллион үч жүз алты миң бир жүз ), тендөөчү трансферт 5661,2 (беш миллион алты жүз алтымыш бир миң эки жүз),жайыт жерлеринин ижарасынын түшүүчү 200,3 (эки жүз миң үч жүз) сом сумма менен бюджеттин жалпысы суммасы 10167,6 (Он миллион бир жүз алтымыш жети миң алты жүз) сом, атайын каражаттан ата энелер төлөмү 1080 (бир миллион сексен мин) сом, сумма кошулуп 11247,6 (Он бир миллион эки жүз кырк жети миң алты жүз) суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 200,3 (Эки жүз миң үч жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 66,8 миң сом айыл өкмөтунүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ,ал эми калган бөлүгү 133,5 (бир жүз отуз үч миң) сом «Кашка-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 -тиркемелерге ылайык ,атайын каражаттагы бала бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 11247,6 (он бир миллион эки жүз кырк жети миң алты жүз) сом менен бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджет жөнүндөгү» мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 102,0( Бир жуз эки миң) сом өлчөмүндө айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0( эки жуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
10. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын
Төрага | Ө. Мамадалиев |