Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV cессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 4
Б.Айтматов атындагы Кара-Төбө жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Турдубаеваны кайрылуусун кароо жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы,жер,турак жай,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Шатмановдун билдирүүсүндө Б.Айтматов атындагы Кара-Төбө жалпы орто билим берүүчү мектеби айлана чөйрөнү жашылдандыруу боюнча МЕРСИКО уюуму менен иштеп жаткандыктан жогоруда аталган мектептин туш маңдайындагы каптал жерден 0,50 га жерди коргондоп жашылдандыруу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берүүнү сурангандыгын билдирди. Каралган маселе боюнча угуп жан талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
токтом кылат.
1. Б.Айтматов атындагы орто мектебине анын бет маңдайындагы каптал жерден 0,50 га жерди көрктөндүрүү үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы жер,турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын
Төрага | Ө. Мамадалиев |