Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV cессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 6
Айыл аймагындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү фондусунун (АКФ) жана башка багыттагы жерлердин ижара акы өлчөмдөрүн жана ижарага берүү боюнча конкурстук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы,жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Шатмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Кашка-Суу айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги кайраакы жана суугат жер аянттарынын өлчөмдөрү жер кыртышына карап баштапкы баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.Сары –Жайык участкасына :-300 сомдон.
2. Кара –Төбө,Сөгөт участкаларында:- 350 сомдон.
3. Ала-Байтал,Чеч –Төбө, Иин-Колот ,Чарбак участкаларындак:-350 сомдон.
4. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы баардык кысыр аңыз(залежь) жер аянттарына:-250 сомдон.
5. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу баардык айылдардагы суугат жер аянттарынын акысынын баштапкы өлчөмү: 2500 сомдон.
2. Турак жай салууга берилген, убактылуу көрктөндуруугө берилген жана айыл чарбасына таандык эмес жер аянттарын соодалашуу аркылуу берилүүчү жер аянттарынын өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Жекече турак жай куруу үчүн ар бир атуулга суугат жерден -0,10гадан.
2. Жекече турак жай куруу үчүн ар бир атуулга кайракы жерден -0,12гадан.
3. Келишимдин негизинде убактылуу көрктөндүрүү үчүн алган жер аянттарга 0,01га ижара акысы-50 сомдон белгиленсин.
4. Айыл чарбасына таандык эмес жер аянттарынын соодалашуу аркылуу берилүүчу жер аянтынын баштапкы өлчөмү-1кв.м. жерге 20 сомдон
5. Муниципалдык менчиктеги айдоо жер аянттарын ижарага берүүдө 1,0га суугат жер аянтына 1000 сомдон жана кайраакы жер аянтына 500 сомдон белгиленсин.
3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу АКФнын эсебиндеги жер аянттарды ижарага беруу үчүн төмөндөгүдөй курамда конкурстук комиссия түзүлсүн.
1. Э.Шатманов- Айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. А.Субанов- Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы .
3. У Керимкулов- Айыл өкмөтүнүн башчысы, мүчөсү.
4. К Мамытов- Айыл өкмөтүнүн жер адиси,мүчөсү.
5. У Мамытов- Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, мүчөсу
6. Н.Керимкулова –айыл өкмөтүнүн салыкчысы, мүчөсү.
7. Б.Исманалиев- Айылдык Кенешинин депутаты , комиссия мүчөсү.
8. А. Давлетов –Айылдык Кеңешинин депутаты комиссия мүчөсү.
9. С.Бекилов –Айылдык Кеңешинин депутаты комиссия мүчөсү.
10. А.Жетмишов –айылдык Кеңешинин депутаты комиссия мучөсү.
11. Т Батырбеков- айылдык Кенешинин депутаты комиссия мучөсу.
12. Н.Кадыров - Баялы-Ата айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
13. Т.Сапарбаев – Тосту, Чеч-Дөбө айылдарынын айыл башчысы, мүчөсу.
14. А.Мырзакматов- Чарбак айылынын айыл башчысы , мүчөсү.
15. С.Оролбаев – Кара –Төбө айылынын айыл башчысы ,мүчөсү .
16. А.Жороев- Сөгөт айылынын айыл башчысы , мүчөсү.
17. Э.Жунусов- Туюк –Жар айылынын айыл башчысы, мүчөсү.
18. К.Оролбаев- Жаңы-Айыл айылынын айыл башчысы , мүчөсү.
19. Д.Султанкулов –Өлөң –Булак айылынын айыл башчысы , мүчөсү.
18. Аксы райондук Мамкаттоо башкармалыгынын өкүлү, мүчөсү.
4. Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдуккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн
5. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Ө. Мамадалиев |