Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXVI cессиясы
2020-жылдын 19-июну № 1
“Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
токтом кылат.
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоорунун бюджети, өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Ө. Мамадалиев |