Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVII сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 3
Айылдык кеңешинин 16.03.2020-жылдагы XXIII-сессиясынын №1токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«CASA - 1000" жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020- жылдагы №105 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Ленин айылдык Кеңешинин XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагына «CASA – 1000» жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу үчүн мамлекетик менчиктеги 0,2453 га суугат айдоо, анын ичинен №370-контурдан 0,0361 га, №361-контурдан 0,0361 га, №359-контурдан 0,0361га, №359-контурдан 0,0441 га, №347-контурдан 0,0400 га жана №253-контурдан 0,0529 га, 0,2912 га көп жылдык бак-дарак, анын ичинен №374-контурдан 0,040 га, №310-контурдан 0,040 га, №315-контурдан 0,0361 га, №321-контурдан 0,0324 га, №325-контурдан 0,0441 га, №331-контурдан 0,0361 га, №332-контурдан 0,0625 га, 0,04 га жайыт, анын ичинен №377-контурдан 0,04 га, 0,0441 га мелиорацияга даярдалган жер, анын ичинен №378-контурдан 0,0441 га, жалпы 0,6206 га, жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |