Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVII сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 5
Жергиликтүү бюджетинин бөлүмдөр жана беренелер аралык жылдыруулары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын март айынан башталган “Коранавирус” илдетинин өлкөбүзгө жайылышынан айыл өкмөтүндөгү мектептер, бала-бакча жабылып, иштерин токтотушту. 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин тамак-аш, электр энергия үчүн каражаттар иштетилбей калды. Ошол эле мезгилде 2020-жылга бекитилген бюджетте “Коронавирус” илдетинин алдын алууга акча каражаты каралбагандыгынан, бирок ушул илдеттин алдын алууга бир топ иш-чаралардын каржылангандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык:
- 70111-башкаруу бөлүмүнүн 2211-кызматтык сапар чыгымдары беренесинен 100,0 миң сом, 2215-ар түрдүү чыгымдар беренесинен 110,0 миң сом азайтылып, ушул эле бөлүмдүн 2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн беренесине 50,0 миң сом, 3112-машиналар жана жабдуулар беренесине 100,0 миң сом көбөйтүлсүн;
- 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар беренесинен 365,0 миң сом, 2231-электр энергия беренесинен 100,0 миң сом азайтылып, ушул эле бөлүмдүн 2221-мүлктү учурда оңдоо беренесине 113,5 миң сом, 3111-имараттар жана курулмалар беренесине 730,0 миң сом көбөйтүлсүн;
- 70823-маданият бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар беренесинен 30,0 миң сом азайтылсын;
- 70911-бала бакча бөлүмүнүн 2218-тамак-аш алуу беренесинен 293,5 миң сомго азайтылып, 3111-имараттар жана курулмалар беренеси 395,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
- 70921-билим берүү бөлүмүнүн 2231-электр энергия беренеси 300,0 миң сомго, 3111-имараттар жана курулмалар беренеси 126,1 миң сомго азайтылып, ушул эле бөлүмдүн 2221-учурдагы оңдоолор беренеси 36,1 миң сомго көбөйтүлсүн;
- Жалпы бөлүмдөр жана беренелер аралык жылдыруулар 1439,6 сомго азайтылып жана бөлүмдөр, беренелер аралык жылдыруулар 1439,6 миң сомго көбөйтүлсүн.
- 2020-жылдын айылдык Кеңештин XXVII сессиясынын чечими менен балдар бакчасынын тамак-аш үчүн теңдөө гранты эсебинен бөлүнгөн 539,0 миң сом, электр энергиясы үчүн каралган 503,0 миң сом пандемияга байланыштуу балдар бакчасы жабылып, мектептер иштебей калгандыктан, теңдөө гранты эсебинен тамак-аш беренеси каржыланбай калган 471,0 миң сому, электр энергия беренесинен 278,0 миң сомдун, электр энергия үчүн 701-башкаруу бөлүмүнө 14,0 миң сомго, 706-ЖКХ-бөлүмүнө 30,2 миң сомго, 708-маданият бөлүмүнө 15,0 миң сомго, 70911-бала бакча бөлүмүнө 35,0 миң сомго жана “Байчечекей” балдар бакчасына көмүр алуу үчүн 35,0 миң сомго, курулуш жумуштары жана таза-сууга полиэтилен трубаларын алуу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111-беренесине 619,8 миң сомго жылдырылсын.
- Ваканттык штат бирдиктери эсебинен, каржылоо булагы болгон теңдөө трансфертинин үнөмдөлгөн эмгек акы эсебинен 100,0 миң сомду, соц.фондко чегерүүлөрдөн 15,0 миң сомду, 70911 бала-бакча бөлүмүнүн Орто-Сай айылындагы бала-бакчанын оңдөп түзөө жумуштары үчүн 3111-беренесине жылдырылсын.
2. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү КР ФМнин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |