Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 1
Кыргыз Республикасынын “Ардак граматасына” көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Ленин айылдык кеңешинин төрагасы М.Кеңешбаев билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылынын тургуну Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Туркбаев Төрөгелди Калибекович Кыргыз Республикасынын “Ардак граматасына” көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |