Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 2
Штаттык ырааттама жөнүндө
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Темиров Э. чыгып сүйлөдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтому күчүнө кире тургандыгына байланыштуу, айыл аймактын калкынын санына карата кызмат орундарын бекитип берүүсүн сунуштады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 (бир) бирдик кызмат оруну штаттык ырааттамасы 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.
2. Сузак райондук каржы-экономика башкармасы аркылуу эмгек акы фонду боюнча өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду lenin-aimak.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук аткарылышынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |