Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 3
Терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу жөнүндө
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошева билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта валюталык инфляцияга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс материалдык кесепеттер катталбаганын белгилөө.
2. Валюталык инфляцияга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу максатында, айыл аймакта айыл чарба жер пайдалануучулар арасында материалдык зыян тарткандарды издеп табуу жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду lenin-aimak.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук аткарылышынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |