Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 5
Таштанды таштоочу жайды башка жака көчүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосунов чыгып сүйлөдү.
Жарыш сөзгө:
Казакбаев Куват: Мусор төккөн палигонду атайлап өздөрүнө каратып атышат, анын XIX – сессияда келишим түзүү жөнүндө токтомду жокко чыгарышыбыз керек.
Тургунбаева Мария: Колдоймун, келишимди бузуу керек.
Хайридинов С. – жаштардын атынан: Мага келишимдин эч кандай пайдасы тийген жок. Мага Турмуш-тиричилик чарбасын башкарууга бергиле. Мен элге беш саат суу берем, мусорду Көк-Жаңгак полигону менен сүйлөшүп келдим, ошол жака барып төгөбүз. Айылда жыйналып жаткан ачка каражаты толук бойдон жетет. Учурда жыйналып жаткан мусордун, суунун жыйым төлөмдөрүн көтөрбөйбүз.
Тойчуев Айти: Эгерде жаштар тазуу-суу менен мусорду жыйнайбыз деп турушса, беришибиз керек, эч кандай тоскоолдук кылуу керек эмес, бул биздин балдар.
Тунгатаров Аргынбай: Эгерде жаштарга берчү болсок трактордун кредити бар аны кошо төлөшсүн, келишим менен трокторлорду биргеликте иштетейлик.
Койчуманов Байыш: Устав менен иш кылуу керек. Мыйзамда каралган жолдор аркылуу ишке ашыруу керек.
Мадумаров Саибжан – Турмуш-тиричилик чарбасынын учурдагы директору: Эгерде Көк-Жаңгак полигонуна мусор таштоочу болушса каржылоо жетишсиз болот. Айрыкча кыш мезгилиде жогору көздөй трактор чыга албайт. Турмуш-тиричилик чарбасын башкарууга каалоочулар болушса менин айлыктарымды төлөп беришсин.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. XIX-сессиясынын №2 токтомунда кабыл алынган Ленин айылындагы таштанды ташталып жаткан 0,51 га жер аянтын Хайридинов Сираждинге ижарага берүү келишими учурда өз багытында пайдаланылбай жаткандыктан келишимди бузуу Ленин айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Башка жерден акыр-чикир (мусор) таштоочу жайды табуу жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Турмуш-тиричилик чарбасынын башчысынын ордун кароо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |