Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 6
Маркум Турдиев Медеттин наамын көчөгө берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги алтынчы маселе боюнча социалдык маселелер боюнча башкы адис М.Мамырасулов кириш №324 30.06.2020-жылдагы каты менен сунуш кылды.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис М.Мамырасуловдун жана Ленин айылынын тургундарынын сунушун негиз кылып Ленин айыл өкмөтүнүн тургуну, маркум Турдиев Медеттин атын Ленин айылындагы Маданий эс алуу паркы менен Ленин айыл өкмөтүнүн ортосунда жайгашкан көчөгө “Турдиев Медет” көчөсү деп аталсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл башчысынын милдетин аткаруучу А.Атабаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |