Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 7
Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги жетинчи маселе боюнча Ленин айылдык кеңешинин төрагасы М.Кеңешбаев билдирүү жасады.
Ленин айыл өкмөтүнүн депутаты Бусурманкулов Калысбек Калдарович Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылынын тургуну. Айыл аймактын коомдук иштерине активдүү катышып, шайлоочулардын суроо талаптарына дайыма көмөктөшөт жана чыныгы патриот, элин жерин сүйгөн инсан катары эл арасында кадыр баркка ээ. Ошондой эле Бусурманкулов Калысбек ушул жылдын сентябрь айында 60 жашка толот. Айылдык депутаттыгына 2 чакырылышына депутат болуп шайланган.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын Ленин айылынын тургуну Ленин айылдык кеңешинин депутаты Бусурманкулов Калысбек Калдарович Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |