Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол аыйл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясынын
2020-жылдын 10-июну № 1
Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV-сессиясынын күн тартибиндеги маселеси болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтомунун 1-пунктуна негиз Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Батыралиев |