Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы
2020-жылдын 4-сентябры №1
Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги билим берүүчү мектебин жалпы орто билим берүүчү мектепке өткөрүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХVI -сессиясынын күн тартибиндеги 1- маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги билим берүүчү мектебин жалпы орто билим берүүчү мектепке өткөрүү жөнүндө Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитеттин төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкулап талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетти сунуш кылган токтомдун долбоору жактырылсын.
2. Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги жалпы билим берүүчү мектебин жалпы билим берүүчү орто мектепке өткөрүү мезгил талабына ылайык деп табылсын.
3. Бул токтомду колдоп берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн
Төрага | Т.Батыралиев |