Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясынын
2020-жылдын 4-сентябры № 2
Ак-Жол айыл аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХVI -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкулап талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айыл аймагынын Карыялар Кенешинин айылдык Кенештин сессиясына жөнөткөн кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
2. Ак-Жол айыл аймагынын Аксакалдар Кенешинин төрагасы, Эл агартуунун мыктысы, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги, Билим, илим жана Профсоюз кыймылынын отличниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасынын”, “Эл сыймыгы” төш белгисинин, Билим берүүнүн ардагери,Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу”, Аксы районунун “Ардактуу атуулу ” сыйлыктарынын ээси, 2 жолку чакырылыштагы айылдык Кенештин төрагасы Абасов Төлөгөндүн 70 жашка толгондугуна байланыштуу,көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн
Төрага | Т.Батыралиев |