Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын Кезексиз ХХХII сессиясы
2020-жылдын 20-марты №7
“Коронавирус”оорусун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө,экономикалык кесепеттерден чыгуу жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Сартованын “Коронавирус”оорусун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө,экономикалык кесепеттерден чыгуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“ Коронавирус”оорусун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө, экономикалык кесепеттерден чыгуу жөнүндө ыкчам иш чаралар жүргүзүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Атайын эсептин каражатынан Тейлөө үйүнө деп түшүрүлгөн 450,0 сом акча каражатынан “Коронавирус”оорусун алдын алуу иш чараларына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. 3111беренесинен -2721 –беренесине жылдырылсын - 50,0 сом
Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу жумшоо ФЭБ башчысына тапшырылсын
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |