Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2020-жылдын 27-марты № 9
Бел-Алды айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуун Жобону бекитүү жөнүндө
Бел-Алды айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бел-Алды айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел-Алды айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо бекитилсин.
2.Ыктярдууэлдик кошуунга калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемиялар жана башка өзгөчө кырдаалдарда коомдук тартипти сактоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып баруу милдеттендирлсин.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | Ж. Боромбаев |