Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2020-жылдын 4-июну № 11
Долбоордун жалпы суммасынан учурдагы Ковид-19 пандемиясына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң )доллар өлчөмундө кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун ишке ашыруу бөлүмүнүн 2020-жылдын
1-июнундагы №249-6 сандуу катын Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХIVсессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу долбоорунун алкагында Бел-Алды айыл өкмөтүнүн “Алма-Бак” “Орто-Жон” участкаларындагы түшүмдүүлүгү аз болгон жайыт жерлерине интенсивдүү бак отургузуу боюнча проектине бөлүнгөн жалпы суммадан, учурдагы Ковид-19 пандемиясына байланыштуу 20000(жыйырма миң )доллар өлчөмүндө (тосмолордон жана суу тартып келүүчү желим түтүктөрдөн,көчөттөрдөн) кыскартылсын.
2. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
Тѳрага: | Ж. Боромбаев |