Редакцияот 18.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2020-жылдын 18-декабры № 7

Келишим түзүү жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы бөлүм башчы Т.Тилекбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков