Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 25-ноябры № 3
Азыркы пандемия учурундагы мектептердин санитардык-гигиеналык абалы жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектептердин абалын жана окуучуларда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы боюнча карап чыгуу белгиленсин.
2. Мектептердин абалын жана окуучулардын санитардык-гигиеналык талаптарды сакталышын карап жыйынтыгын билдирүү жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Бекбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Малабеков |