Редакцияот 03.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2020-жылдын 3-декабры № 2

Азыркы пандемия учурундагы мектептердин санитардык-гигиеналык абалы жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Нуркул Тойгонбаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектептердин абалын жана окуучуларда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы айрым кемчиликтери менен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2. Мектептердин абалын жана окуучулардын санитардык-гигиеналык талаптарды сакталышы жана окуучулардын ден соолугунун коопсуздугу жана кепилдиги боюнча тиешелүү жетекчилерге кайрылуу жолдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков