КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2020-жылдын 3-декабры № 4
Жайыттын чек араларын тактоо жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттын чек араларын тактоо боюнча тиешелүү керектелүүчү каражатты колдонуп чечүү жагы белгиленсин.
2. Керектелүүчү каражат менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Малабеков |