Редакцияот 06.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII-чакырылышынын кезексиз XXXIV-сессиясы

 

2020-жылдын 6-августу № 5

Айыл өкмөттүн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы №545 токтомун аткаруу максатында интернет менен камсыз кылуу жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджет жана каржы маселелери боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүндөгү кызматкерлерди интернет менен камсыз кылуу үчүн каражат бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Миңбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков