Редакцияот 06.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII-чакырылышынын кезексиз XXXIV-сессиясы

 

2020-жылдын 6-августу № 7

Айыл өкмөттүн тургундарынын үйүндөгү кармаган малдарды жайлоого жөнөтүүсү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, карап жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн тургундары 2021-жылдын 15-апрелине чейин малдарын жайлоого айдабай, үйлөрүндө кармоо жагы белгиленсин.

2. Бул маалыматты ар бир атуулга жеткирүү жагы айыл башчыларга, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы С.Мамакеевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Малабеков