КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-сентябры № 157/XXII-27
Буденовка орто мектебинин мугалими Элгондиева Айжамалдын Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасына окуусунун акысын төлөө жөнүндө
Кочкорбаев айыл аймагынын төрагасы Албекенов Адилет Болотбековичтин Буденовка орто мектебинин мугалими Элгондиева Айжамалды Кыргыз улуттук университетинин магистратурасына окутуу үчүн контракт акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буденновка орто мектебинин мугалими Элгондиева Айжамал жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кыргыз Улуттук университетинин магистратурасына окутулсун.
2. Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулова тарабынан айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөрүүлөр киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
А. Албекенов |