КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-сентябры № 159/XXII-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бош калдык каражаттын эсебинен көбөйтүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Динара Оскомбаевнанын “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинен чыгаша бөлүгүн бош калдык каражаттын эсебинен көбөйтүү жөнүндөгү жалпы суммасы 1073,5 (бир миллион жетимиш үч миң беш жүз) сом болуп, анын ичинен аппарат кызматкерлерине, 2111-берене боюнча айлык акы -97,3 миң сом. 2121-берене боюнча соц фондго которуу-14,3 миң сом жана 2215-беренеге ылайык мамлекеттик кызматкерлерди окутуу-35,0 миң сом. Турмуш тиричилик жана коммуналдык чарбага, 2221-беренеге ички жолдорду грейдер менен түздөө, топурак төшөө жана жарыктандырууга -926,9 миң сом каржылоо керек экендиги тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү аппарат кызматкерлерине, 2111-берене боюнча айлык акы -97,3 миң сом. 2121-берене боюнча соц фондго которуу-14,3 миң сом жана 2215-беренеге ылайык мамлекеттик кызматкерлерди окутуу-35,0 миң сом, турмуш тиричилик жана коммуналдык чарба, 2221-беренеге ички жолдорду грейдер менен түздөө, топурак төшөө жана жарыктандырууга -926,9 миң сомго аткаруу үчүн бош калдык каражаттын эсебинен көбөйтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага
|
А. Албекенов |