Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 1
Достук айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүү үчүн фонд ачуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын
2. Өзү туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн ишкерлердин эсебинен каражат топтоп, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык маселелерине жумшоо максатында айыл өкмөтүндө атайын фонд ачылсын.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Мансиркулов |