Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 2
Достук айыл өкмөтүнүн 2020 - жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Достук айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2020-жылдын 29-июлундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу жөнүндө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З. Мамасадыковдун маалыматын угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору менен түзүлгөн Кызматташтык тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнч иш- чаралардын планын турмушка ашырууга берилүүчү 35 000 (отуз беш миң) сом дарамети жогорулатуу боюнча грантынын эсебинен Достук айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 35 000(отуз беш миң) сомго, чыгаша бөлүгү 35 000 (отуз беш миң) сомго өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун негизинде Достук айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Достук айыл өкмөтүнүн ФЭБунун убактылуу милдетин аткаруучу Н.Абдышовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айылдык кеңешинин Экономика жана бюджет боюнча боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Мансиркулов |